30

Декабрь

2021

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Акылбек Жапаров Абдулла Ариповду кирип келе жаткан 2022-жылы менен куттуктап, чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми бир тууган өзбек элине тынчтыкты жана өнүгүп-өсүүнү каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.