31

Декабрь

2021

Арзыбек Кожошев Кыргызстандагы КЭР Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары  Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. 

Атап айтканда, тараптар кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пункттарында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү, кытайлык инвесторлордун өнөр жай ишканаларын калыбына келтирүү жана жандандыруу, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулады.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары  Арзыбек Кожошев жана Кыргызстандагы КЭР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь бири-бирин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.