31

Декабрь

2021

Мамлекеттик органдарда жана ЖӨБ органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон .

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренесине ылайык кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдарды өнүктүрүүгө багытталган