06

Январь

2022

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Казакстан Республикасынын Премьер-министринин м.а. Алихан Смаилов менен телефон аркылуу сүйлөштү

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстан Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Алихан Смаилов менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Казакстан Республикасында орун алган коомдук-саясий абалды талкуулады.

Акылбек Жапаров ошондой эле бир тууган казак элине ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму багытындагы милдеттенмелер алкагында колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. 

Өз кезегинде Алихан Смаилов Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстан Республикасында орун алган окуялар келечекте кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүнүн өнүгүүсүнө жана чыңдалышына тоскоолдук келтирбестигин белгиледи.