12
Январь
2022
Эдил Байсалов Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары өз жумушчу сапарын «Манас Ордо» улуттук комплексине баруудан баштады.
Эки күндүк иш сапарында Эдил Байсалов аймактын айрым социалдык-маданий объектилеринин иши менен таанышат.
Ошондой эле мекемелердин жамааты жана жергиликтүү тургундар менен бир катар жолугушуулар пландаштырылган, анын жүрүшүндө актуалдуу маселелер талкууланмакчы.