12

Январь

2022

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинде жумушчу кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинде жумушчу кеңешме өткөрдү. 

Кеңешменин жүрүшүндө финансы-экономикалык секторундагы актуалдуу маселелер, анын ичинде бажы жана салык төлөмдөрүнүн түшүүсү, артыкчылыктуу багыттарды каржылоо жана республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.