13

Январь

2022

Акылбек Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты. 

Жыйындын жүрүшүндө ипотекалык насыялоонун актуалдуу маселелери, анын ичинде эл аралык жана атамекендик финансы институттарынын кредиттик каражаттарын тартуу, жаңы финансылык продуктыларды ишке киргизүү маселелери талкууланды.

Маалымдама: 2021-жылы Министрлер Кабинети Мамлекеттик ипотекалык компанияны 5,2 млрд сомго капиталдаштырган, ошондой эле «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасы кабыл алынган.