20
Январь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы төраганы тааныштырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы төрага Самат Исабековду тааныштырды.
Арзыбек Кожошев белгилегендей, Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине чоң жоопкерчилик көрсөтүлүүдө, аны актоо зарыл.
Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысынын буйругу менен Самат Исабеков Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган.