20

Январь

2022

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмеси өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги учурда өлкө орун алган эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди. 

Андан соң кеңешменин катышуучулары өлкөдөгү карантиндик абалга байланыштуу маселелерди талкуулады.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругун кайра карап чыгуу маселеси көтөрүлдү, анда 2020-2021-окуу жылында окуучулардын реалдуу режимде окуу процессин калыбына келтирүүдө жалпы билим берүү уюмдарынын ишинде коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы чараларды сактоо боюнча иш-аракеттер алгоритми белгиленген.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 27 буйругун күчүн жоготту деп таануу маселеси каралды. 

Эске салсак, буга чейин бул документ республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында иштелип чыккан.

Жыйындын соңунда Саламаттыкты сактоо министрлигине калкка өз учурунда сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууну күчөтүү, ошондой эле калкты эмдөө өнөктүгүн улантуу тапшырылды.