23

Январь

2022

Арзыбек Кожошев: Февраль айында Баткен облусунда Министрлер Кабинетинин биринчи көчмө жыйыны өтөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 62 преференциалдык чек ара конуштарынын тизмеси бекитилип, аларга айрым салык, жер, экономикалык жана башка жеңилдиктер берилери айтылды.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, февраль айынын экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи көчмө жыйыны Баткен облусунда өтөт.

«Министрлер Кабинети жеңилдетилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан тышкары, Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан 62 айылынын тургундарынын пенсиясын 2 миң сомго көтөрөт. Ошондой эле жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү, чек арага жакын жайгашкан 62 айылда жашаган социалдык кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү да каралууда», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев жана 15-февралга карата бардык ченемдик-укуктук актылар Министрлер Кабинетинин көчмө жыйынында бекитүү үчүн даяр болушу керектигин кошумчалады.