27

Январь

2022

Эдил Байсалов Чолпон-Ата шаарындагы бир катар тарыхый-маданий объектилерди кыдырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чолпон-Ата шаарындагы тарыхый-маданий маанидеги бир катар объектилерди кыдырды.

Эдил Байсалов «Алтын Балалык» медициналык реабилитациялык борборунун иши менен таанышты. Белгилей кетсек, аталган комплекстин иши өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн, атап айтканда, балдардын жана энелердин ден соолугун калыбына келтирүүгө багытталган.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары негизги экспозициялык жана тематикалык залдарды камтыган Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругуна барды. Музейде тарых, археология, көчмөндөрдүн тиричилик буюмдары коюлган. Эдил Байсалов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте музейдин жаңы имаратын куруу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Андан соң ал Чолпон-Ата шаарындагы «Чолпон» кинотеатрында болуп, аталган объектинин абалы менен таанышты.