26
Январь
Аалиев Азиз Баткен облусунун 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияга катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев аймактын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча коллегияга катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформалар, «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде атайын салык режимин ишке киргизүү жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүү тууралуу маалымат берди.
Андан соң Баткен облусунун 2021-жылдагы экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баяндама жасады.
Өз кезегинде Азиз Аалиев сугат каналдарын жана тармактарын жазгы-талаа мезгилине карата өз убагында даярдоого, ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу майлар жана үрөн менен толук камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
«Буга дейре сугат тармактарын даярдоо иши февраль айында башталган. Бул сугат мезгилинин башталышына карата бардык даярдык иштерин толук көлөмдө бүткөрүүгө мүмкүндүк берген эмес жана сугат суусунун жетишсиздигинен улам көйгөйлөр жаралган. Өткөн жылы мындай жоопкерчиликсиздикке жол берилбеши керектигин сездик. Март айынын башына карай сугат тармактарын даярдоо иштери жыйынтыкталууга тийиш. Дыйкандарыбыздын мол түшүм алуусу үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек», - деди Азиз Аалиев.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жер жана мамлекеттик мүлктү эсепке алууда санариптик технологияларды ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.
«Бардык аймактар иш кагаздарын жүргүзүү, ошондой эле калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү үчүн электрондук кызматтарды колдонушу керек. Бардыгы автоматташтырылышы керек, экономикалык чечимдерди болжолдоо жана пландаштыруу үчүн бизде так сандар болушу керек», - деди ал.
Коллегиянын жыйынтыгында Азиз Аалиев мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, алардын өз мөөнөтүндө аткарылышы маанилүү экендигин белгиледи.
Коллегиянын жыйынтыгында айыл өкмөттөрү социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча алдыда келе жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланды.