01

Февраль

2022

Министрлер Кабинетинин 100 күнү: Алгачкы мамлекеттик инновациялык борбор түзүлдү

img

2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында төмөнкү чаралар ишке ашырылды:

- инновацияларды жана стартап экосистемаларды өнүктүрүүдө уникалдуу аянтча катары саналган алгачкы Мамлекеттик инновациялык борбор түзүлдү;

- республиканын жогорку, орто жана кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринде бизнес-инкубаторлорду түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу башталды.