02

Февраль

2022

Министрлер Кабинетинин 100 күнү: Кыргыз Республикасынан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга тыюу салынды

img

2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө чечими кабыл алынды.

Жалпысынан өндүрүш үчүн чийки заттын жетишсиздигине жол бербөө максатында төмөнкүдөй тыюу салуулар киргизилген:

- Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары жыгач жана жыгач материалдарын ташып чыгууга (экспорттоо) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы №282 токтому);

- Кыргыз Республикасынан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы №14 токтому); 

- Иштетилбеген, же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка ташып чыгарууга  (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №316 токтому);

- Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөрдү киргизүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы No 335 токтому).