07

Февраль

2022

Үстүбүздөгү жылдын 10-15-февралында топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өтөт

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-15-февралында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын   делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт. 

Кыргыз Республикасынын топографиялык жумушчу тобун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Борүбаев жетектейт. 

Белгилей кетчү нерсе, өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун ишинин жыйынтыгы боюнча, 2021-жылдын 1-майынан азыркы мезгилге чейин 81 км ашуун мамлекеттик чек ара линиясы макулдышылып жазылган. 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын линиясын макулдашып жазууда 1924-1927-жылдардагы жана 1989-жылдагы документтер кошумча пайдаланылат.