10
Февраль
Саламаттык сактоо министрлигине контакттык жактарды изоляциялоону жана өлкөгө эмделгендер кирген учурда милдеттүү ПЧРди алып салуу тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча Штабдын кеңешмесин өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги республикадагы учурдагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.
Андан соң жарандарды коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат угулду.
Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары республика боюнча, өзгөчө Ош жана Талас облустарында эмдөө темпи тездеп жатканын белгиледи.
Буга катар ал кеңешменин катышуучуларына республикада COVID-19 инфекциясынан тышкары, элдин жана мамлекеттик ресурстарын багыттоону талап кылган бир катар маанилүү милдеттер турганын эскертти.
Талкуу жыйынтыгы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине 2022-жылдын 11-февралынан тартып колдонуудагы алгоритмдерге жана инструкцияларга Кыргыз Республикасынын аймагына кирген учурда COVID-19 чалдыккан оорулуулар менен байланышта болгон жактарды изоляциялоону, ошондой эле эмделген жарандардан ПЧР-тестти милдеттүү талап кылууну алып салууну караган тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду белгиленген тартипте киргизүүсү тапшырылды
Натыйжада, республикага кирүүдө ПЧР-тест тууралуу маалымдаманы, же эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты көрсөтүү керек болот.
«Жакынкы айларда биз калкты эмдөө боюнча активдүү иш-чараларды улантабыз. Биз кыраакы болуп, кырдаалдын начарлашы ыктымалдыгына, же жаңы штаммдардын пайда болушуна даяр болушубуз керек. Биздин өлкө мурда киргизилген карантиндик чараларды кайра кароону создуктурбайт. Биз аймактагы жана дүйнө жүзү боюнча коронавирустук чектөөлөрдүн тез арада алынышына кызыкдарбыз», - деп билдирди Эдил Байсалов.