11

Февраль

2022

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ЕЭК интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразия экономикалык комиссиясынын министри, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Глазьев менен жолугушту. 

Акылбек Жапаров ЕАЭБ алкагында кызматташуунун артыкчылыгын белгилеп, республика интеграциялык бирикмеге мүчө мамлекеттер менен өз ара кызматташууну үзгүлтүксүз өнүктүрүү үчүн чыгып жаткандыгын баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасында өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны алкагында Евразия экономикалык форумун уюштуруу маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле ЕАЭБ алкагында финансы-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.