11
Февраль
Азиз Аалиев: Жол транспорт тармагында ири реформалар башталууда
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга пландары боюнча коллегиялык жыйынына катышты.
«Үстүбүздөгү жылы Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдында бир катар маанилүү милдеттер турат. Министрлер Кабинети биринчи кезекте Баткен облусун өнүктүрүүгө, облустун инфраструктурасын жакшыртууга чоң көңүл бурууда. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Баткен облусунда өтүүчү Министрлер Кабинетинин жыйынынын алкагында аймактын инфраструктурасына капиталдык салымдар боюнча маселелер талкууланат. Жол фондунун түзүлүшү менен Транспорт министрлигинде чоң реформалар башталат. Фонд жол инфраструктурасын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталган көзкарандысыз каржылоо булактарын түзүүгө мүмкүндүк берет», - деди ал.
Азиз Аалиев кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу үчүн Казарман-Жалал-Абад тилкесинде (291-408 км) тоннелди куруу боюнча негизги иштерди жыйынтыктоо, Жалал-Абад шаардык айланма жолунун курулушун баштоо, 3 көпүрөнүн жана 2 кар көчкүгө каршы галереянын курулушун баштоо, Эпкин-Башкууганды жолунун (70 км) курулуш иштерин тездетүү, Арал-Суусамыр жолу боюнча иштерди баштоо зарыл.
Анын айтымында, ведомство Балыкчы – Барскоон, Барскоон – Каракол, Балыкчы – Корумду жол тилкелеринде курулуш иштерин жүргүзүүсү зарыл.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ошондой эле Транспорт министрлигине электромобилдер үчүн инфраструктураны түзүү боюнча ишти күчөтүү, аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.