16
Февраль
Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду
Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун теңтөрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-жыйыны болуп өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө тараптар жалпы максаттарга жетүү үчүн өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү үчүн биргелешкен күч-аракетти жумшоого даяр экендигин билдиришти.
Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелери каралды, атап айтканда, өз ара сооданын учурдагы абалы жана товар жүгүртүүнү кеңейтүү, «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол өткөрүү пункттарындагы Индустриалдык соода-логистикалык комплексин, Кыргыз Республикасынын аймагында дүң бөлүштүрүү борборлорун куруу чаралары тууралуу талкууланды.
Шайкештикти баалоо боюнча берилген документтер боюнча тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ыкчам маалыматтык өз ара аракеттенүүсү жана көйгөйлүү маселелер боюнча квартал сайын жолугушууларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Транспорт жана транзит чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин талкуулоонун жүрүшүндө жумушчу топтун катышуучулары 2022-жылдын 16-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолуучу товарларды электрондук эсеп-фактуралар (ЭЭФ) менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашты. Ташылып жаткан жүктөргө ЭФФ жок болгон учурда, Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети контролдук иш-чараларды жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына товарларды кооптуу автотранспорт каражаттары менен ташып келүүдө контролдоо иш-чаралары белгиленген пунктта жүргүзүлөт.
Буга катар Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети 2022-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргыз Республикасына товарларды экспорттоодо ташылган жүк үчүн электрондук жол баракчаларынын болушун камсыз кылат. Ал жок болгон учурда контролдоо чараларын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жүргүзөт.
Ошондой эле, товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу максатында тараптардын административдик жана жазык мыйзамдарына бажы транзитинин жол-жобосунда товарларды алып келүүдө жоопкерчиликтин келип чыгышын жокко чыгаруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси иштелип чыгат.
Ошону менен бирге делегация башчылары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы товарлардын өтүү абалына реалдуу убакыт режиминде көз салуу үчүн кеңселерде мониторлорду орнотуу маселесин макулдашты.
Мындан тышкары, тараптар Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын өкүлчүлүгүн ачууну макулдашты.
Өз ара соодада мыйзам бузууларды азайтуу максатында фискалдык органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү алкагында эки өлкө өз экспорттоочуларына карата улуттук мыйзамдарга ылайык чараларды көрүүнү тездетүүнү макулдашты.
Ошондой эле товарлардын баасын төмөндөткөн экспортерлор боюнча маалымат алмашуу боюнча келишим түзүлдү.
Негизги макулдашуулардын бири катары 2022-жылдын 21-февралынан тартып Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну кайрадан жандандыруу болду. Бардык жүргүнчүлөр үчүн Казакстан Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өткөндө 72 сааттан эрте эмес COVID-19 тестинен өтүшү, же «Мен COVID-19суз саякаттайм” тиркемеси аркылуу эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаттын болушу милдеттүү саналат».
Кеңешменин жыйынтыгында корутунду протоколго жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда мыйзам бузуулар менен берилген шайкештикти баалоо тууралуу документтерди берүү жана жайылтуунун алдын алуу боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүү боюнча Иш-чаралар планына кол коюлду.
Ошону менен бирге тараптар алдыда боло турган иш-чаралардын алкагында 2022-жылы Биринчи Аймактар аралык форумду жана Ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынын жогорку деңгээлде өткөрүүнү макулдашышты.
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун кезектеги кеңешмесин ар кайсы шаарларда, анын ичинде чек арага жакын аймактарда, көзөмөл-өткөрүү пункттарында туруктуу негизде өткөрүү макулдашылды.