17
Февраль
Жаныбарларды идентификациялоонун жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү маалыматтык системасында ветеринардык дары-дармектердин кыймылын эсепке алууну камсыз кылуу боюнча иштин тартиби бекитилди
Жаныбарларды идентификациялоонун жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү маалыматтык системасында ветеринардык дары-дармектердин кыймылын эсепке алууну камсыз кылуу боюнча иштин тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын айыл чарба продукциясынын көзөмөлдөнүшүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн электрондук коммерциянын элементтери менен санариптик технологияларды айыл чарбасына киргизүү бөлүгүн, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 13-февралындагы № 28 чечиминин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Белгилесек, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.