27
Февраль
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Эр-Рияддагы кыргыз-сауд бизнес-форумуна катышат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия Королдугу) жумушчу сапары менен жүрөт.
Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Кыргыз Республикасынын жана Сауд Аравия Королдугунун ири инвестициялык компаниялары катышып жаткан кыргыз-сауд бизнес форумуна катышат.
Андан соң Арзыбек Кожошев Сауд Аравия Королдугунун мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Атап айтканда, коммерция министри Маджид бин Абдулла Аль-Касаби, инвестиция министри Халид бин Абдулазиз Аль-Фалих, ошондой эле айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли менен жолугушуулар өткөрүлмөкчү.
Жумушчу сапарынын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Соода палатасынын төрагасы Мохаммед Юсуф Наги менен жолугушат.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-февралында Эр-Риядда Digital City көп функционалдуу комплексинин («Санариптик шаар») аянтында Кыргыз Республикасынын продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси ачылган.
Аталган көргөзмө Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан уюштурулган.
Жарманкеге 35тен ашуун ата мекендик компаниялар катышып, алар Кыргызстандын продукциясын гана таанытпастан, Сауд Аравиянын бизнес чөйрөсү менен инвестиция тартуу жана республикада биргелешкен ишканаларды түзүү максатында ишкердик байланыштарды түзүүдө.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө маданий иш-чаралар да пландаштырылган. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамблинин, опера театрынын жана эстрада солисттеринин, “Манас” эпосун айтуучулардын, элдик өнөрпоздордун катышуусунда концерттик программа уюштурулуп, кийиз буюмдарын жасоо боюнча мастер-класстарды көрсөтүү менен элдик кол өнөрчүлөрдүн чыгармачылыгы тартууланууда.