28

Февраль

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жана Сауд Аравия Королдугунун коммерция министри өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Сауд Аравия Королдугунун коммерция министри Мажид бин Абдулла Аль-Касаби менен жолугушту. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, инвестициялык мүмкүндүктөрдү өнүктүрүү, өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу, туристтик потенциалды жана логистиканы кеңейтүү маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, Кыргыз Республикасынын аймагында Сауд Аравия жарандары үчүн 60 күндүк визасыз режим иштейт. 

Арзыбек Кожошев кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта алгач ирет Бишкек - Джидда – Бишкек чартердик каттамы ачылды.

«Түз авиакаттамдардын ачылышы ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, өз ара туризмди чыңдоого, эки элдин алакасын жакшыртууга жана өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт», - деди Арзыбек Кожошев.

Өз кезегинде коммерция министри өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташуу үчүн пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү анча чоң эмес, аны көбөйтүүгө бизде бардык шарттар бар», - деди Маджид бин Абдулла Аль-Касаби.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечекте өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу жана конструктивдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.