28

Февраль

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Сауд Аравия Королдугунун инвестиция министри Халид бин Абдулазиз Аль-Фалих эки тараптуу кызматташуу маселелерин тал

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Сауд Аравия Королдугунун инвестиция министри Халид бин Абдулазиз Аль-Фалих менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бизнестин ар кыл тармактарында, анын ичинде айыл чарба, кен казуу, байланыш жана маалымат технологиялары, туризм жана логистика тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, сауд рыногу ата мекендик ишкерлердин кызыгуусун жаратууда. 

"Биз Сауд Аравиясы менен ишкердик байланыштарды жана соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого, анын ичинде “Saudi Vision 2030" Улуттук программасынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз",- деди Арзыбек Кожошев. 

Өз кезегинде Сауд Аравия Королдугунун инвестиция министри өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого даярдыгын билдирип, бизнес үчүн кызыкчылык туудурган багыттар боюнча биргелешкен аракеттерди мындан ары карай координациялоо үчүн ишкерлик байланыштарды орнотуу зарылдыгын белгиледи.