28
Февраль
Абсаттар Сыргабаев Түркиялык инвесторлор менен жолугушту
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Түркиянын Анталья жана Аланья шаарларында иш алып барган “AHM GROUP” курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту.
Ага облустун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районунун акимдери да катышты. Тараптар Жалал-Абад облусунун аймагында ири курулуш долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мындан сырткары туристик жайлардын шарттарын жакшыртуу тууралуу сөз болду.
Ыйгарым укуктуу өкүл облус аймактарын өнүгүүсү үчүн натыйжалуу долбоорлоду жүзөгө ашыруу, инвесторлор менен иш алып барууга ар дайым даяр экенин билдирди. Мындан сырткары кызматташуу боюнча бир катар сунуштарды берди. Бул багытта инвесторлорго белгиленген объекттер жеринде көрсөтүлөөрүн кошумчалады.