28

Февраль

2022

Эдил Байсалов БУУ Европа жана БА өнүктүрүү максатындагы ишти координациялоо боюнча башкармалыгынын аймактык директору менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Европа жана Борбор Азиядагы өнүктүрүү максатындагы ишти координациялоо боюнча башкармалыгынын аймактык директору Гви-Йоп Сон менен жолугушту.

Маалымдалгандай, аймактык директордун Кыргыз Республикасына сапарынын максаты катары Министрлер Кабинети, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана жарандык коом менен БУУ реформаларын ишке ашыруу боюнча диалогду улантуу болуп саналат.

Эдил Байсалов БУУ өкүлдөрүнө социалдык-экономикалык тармактагы учурдагы абал,  Министрлер Кабинетинин жакынкы мезгилге карай пландары тууралуу маалымат берди. Андан соң тараптар учурдагы актуалдуу маселелерди талкуулады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары маалымдагандай, Министрлер Кабинети эл аралык экономикалык кырдаалдын начарлашына байланыштуу айрым орто мөөнөттүү пландарды кайра карап чыгууга мажбур болот.

Ошондой эле жакынкы айларда калктын аялуу катмарына тышкы факторлордун таасирин жумшартууга көңүл бурулат.

Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын жактай тургандыгын билдирди.

Андан ары жолугушуунун катышуучулары өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу маселелерине токтолду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары 2023-2027-жылдарга Өлкөлүк Программалык Документтин кезектеги фазасын ишке ашыруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын билдирди.