03
Март
2022
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Телефондук сүйлөшүүдө Акылбек Жапаров Михаил Мишустинди туулган күнү менен куттуктады.
Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.