05

Март

2022

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу тармагында 11 долбоорду ишке ашырууда

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу тармагында 11 долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында айтылды.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев маалымдагандай, учурда ведомство тарабынан жол куруу тармагында өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу менен жалпы долбоордук наркы 10 141,3 млн сомду түзгөн 11 долбоор ишке ашырылууда.

Анын айтымында, курулуш иштери Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 5 долбоордук тилкесинде, Бишкек-Ош жолунун 2 долбоордук тилкесинде, Ош-Баткен-Исфана жолунун 2 долбоордук тилкесинде, Түп-Кеген жана Талас-Тараз жолунда жүрүп жатат.

Реабилитацияланып жаткан участоктордун жалпы узундугу 143,9 км түзөт. Бүгүнкү күндө даярдалып жаткан 3 жаңы долбоор боюнча иштер жүрүп жатат. Кеп Ысык-Көл айланма жолунун жана Арал-Суусамыр автожолунун 2 долбоордук участогу жөнүндө болууда.