07

Март

2022

Жалал-Абадда 8-Март – Аялдардын Эл аралык майрамы белгиленди

Бүгүн, Жалал-Абад облусунун көптөгөн тармактарда жигердүү эмгектенип келе жаткан 120 аялга майрамдык маанай тартууланды.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катыгып, жалпы айымдарды майрам менен куттуктады.

"Урматтуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар! Бүгүнкү саамалыктын   жалпы катышуучуларды!

Аялзаты эне, жашоо башаты, үйдүн куту. Бүгүнкү күндө да айымдарыбыз бала тарбиялап, үй-бүлө түйшүгүн тартып, келечек муундарга адеп-ахлактык баалуулуктарын жайылтып келет. Айымдар дээрлик бардык тармактарда эмгектенип, ийгиликтерди жаратууда. Заман талабына ылайык эркектер менен тең тайлаша турмуш жүгүн артууда.

Мамлекеттин тынчтыгы, өсүп-өнүгүүсүндө илим-билимдүү жаратман айымдардын салымы чоң. Сиздер тарбяилаган татыктуу  уул-кыздарыңыздар мекенди коргоп, мамлекеттин өнүгүүсүндө талыкпай эмгектенип келе жатышат. Бул аялзатынын коомго кошкон эң зор салымы",–деди Абсаттар Сыргабаев.

Иш-чарада тармактардын алдыңкы кызматкерлерине ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары тапшырылып, концерттин программа менен коштолду. 

Жалал-Абад облусунда 1 млн. 260 миңден ашуун калк болсо, анын 49 пайызын аялдар түзөт. Ал эми облустук 10го жакын мекеме-ишканаларды айымдар жетектейт.