11
Март
ОСАГО боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрү, жоопкерчилик лимиттери жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифтери бекитилди
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрү, жоопкерчилик лимиттери жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифтери бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Белгилесек, “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Токтомго ылайык төмөнкүлөр бекитилди:
1) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрү жана жоопкерчилик лимити;
– ар бир жабырлануучунун өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилгендиги жана төмөнкүлөргө алып келгендиги үчүн:
жабырлануучунун өлүмүнө – 300 миң сом өлчөмүндө;
жабырлануучуга майыптуулуктун белгиленишине:
I топтогу – 200 миң сом өлчөмүндө;
II топтогу – 150 миң сом өлчөмүндө;
III топтогу – 100 миң сом өлчөмүндө;
“майып-бала” категориясы – 200 миң сом өлчөмүндө;
майыптуулук белгиленбестен майып болууга, жаракатка же ден соолугунун башка бузулушуна – амбулатордук жана (же) стационардык дарыланууга иш жүзүндө жумшалган чыгымдардын өлчөмүндө, бирок 100 000 (жүз миң) сомдон ашык эмес;
– жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыян үчүн – келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок ар бир жабырлануучуга 150 миң сомдон ашык эмес жана бардык жабырлануучуларга 450 миң сомдон ашык эмес;
2) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү 1680 сом суммасында;
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмүн эсептөө үчүн камсыздандыруу тарифтеринин коэффициенттери да бекитилди.
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү ушул токтом менен бекитилген базалык камсыздандыруу сый төлөмү менен камсыздандыруу тарифтеринин коэффициенттеринин көбөйтүндүсү катары камсыздандыруучулар тарабынан эсептелет.
ЕАЭСке мүчө мамлекеттерде топтолгон тажрыйбаларды эске алуу менен камсыздандыруунун суммаларынын өлчөмдөрүн белгилөө сунуш кылынууда, анткени бул өлкөлөрдө ОСАГО көп жылдар бою колдонулуп келе жатат. Эсептерди чыгарууда Кыргыз Республикасындагы калктын турмушунун деңгээлинин (эмгек акыларынын орточо өлчөмү) көрсөткүчтөрү эске алынды.