11

Март

2022

Министрлер Кабинетинин кеңешмесинде 1 млрд сом уставдык капиталы менен Туризмди өнүктүрүү фондун түзүү чечими жактырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө 10 ашуун маселе талкууланды. 

Атап айтканда, Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча   координациялык кеңеш жөнүндө, жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу, Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө, бюджеттик системанын бюджеттеринин  убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу, кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу ишин лицензиялоо маселелери тууралуу чечимдер жактырылды.

Ошондой эле тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө чечим жактырылды. 

Маданият чөйрөсүндөгү, атап айтканда, «Манас» театрынын ишине тийиштүү чечим, ошондой эле 1 млрд сом уставдык капиталы менен Туризмди өнүктүрүү боюнча фондду түзүү чечими жактырылды.