17
Март
Арзыбек Кожошев Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына дан жеткирүү маселесин талкуулады

Москва шаарында (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Бириккен дан компаниясы» АК башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына дан жеткирүү маселеси, мындай ташуулардын көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жана Кыргыз Республикасында «Бириккен дан компаниясы» АК филиалынын ишине көмөк көрстөтүү боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.
Маалымдама: «Бириккен дан компаниясы» АК – дүйнөлүк рынокто россиялык дандын потенциалын ишке ашырууну камсыздоочу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору.
Өзүнүн уникалдуу инфраструктурасынын аркасында компания дүйнөдөгү азык-түлүк мобилдүүлүгүн жогорулатууга салымын кошуп, Россиянын азык-түлүк данын экспорттоочу эң ири 5 өкүлүнүн катарына кирет.