19

Март

2022

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Акылбек Жапаровду жана кыргыз элин эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушу менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин куттуктоо телеграммасын жөнөткөн, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду жана жалпы кыргыз элин Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушу менен куттуктаган. 

Телеграмманын текстин келтиребиз: 

«Урматтуу Акылбек Үсөнбекович,

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке озүмдүн атымдан Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушу менен куттуктайм.

Россия-кыргыз мамилелери достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык ырааттуу өнүгүп, энергетикада, өнөр жайда, илимде жана маданиятта биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылууда. Евразиялык экономикалык биримдиктин жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында өз ара аракеттенүү чыңдалууда.

Өкмөттүн линиясы боюнча жигердүү биргелешкен иш практикалык кооперациянын мындан ары кеңейтилишине, өз ара пайдалуу жаңы демилгелерди илгерилетүүгө түрткү берет деп ишенем. Бул эки өлкө кызыкчылыгына толугу менен жооп берет».

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин ошондой эле Акылбек Жапаровго чың ден соолук жана жоопкерчиликтүү кызматындагы жаңы ийгиликтерди, ал эми  Кыргыз Республикасынын жалпы жарандарына бакубатуулукту каалады.