21
Март
КЭР Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцян Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Салтка айланган Нооруз майрамынын кирип келишине байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элин куттуктоого уруксаат этиңиздер.
Мен сиз менен тыгыз байланышты колдоого жана Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушуна карата биздин эки мамлекет башчыларынын маанилүү макулдашууларын ишке ашыруу, ошондой эле биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тынымсыз терецдетүү үчүн күч-аракеттерди жумшоого даярмын.
Сизге чың ден соолук жана ишиңиздеги ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кыргыз элине тынчтык жана бакыт каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.