21
Март
Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Биздин элдердин маданиятын, үрп-адатын жана бай салт-санаасын өзүнө камтыган бул майрам Борбор Азиядагы достук жана коңшулук мамилелердин мындан ары чыңдалышына кызмат кылат.
Өлкө элдеринин бакубаттуулугун жогорулатууга, региондогу тынчтыкты, туруктуулукту жана үзгүлтүксүз прогрессти камсыздоого багытталган достук жана бир туугандык байланыштар келечекте да чыңдала берет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.
Абдулла Арипов Акылбек Жапаровго чың ден соолук, жоопкерчиликтүү кызматтагы чоң жетишкендиктерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.