21
Март
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Акылбек Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Элдерибиздин маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары саналган байыртадан келе жаткан ушул майрам күнү эки өлкөнүн гүлдөп-өнүгүүсүнө багытталган жаркын үмүттөр жана максаттар ишке ашсын.
Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда калыптанып калган жылуу мамилелер мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык тармактарында чыңдала берет деп ишенем.
Сизге чың ден соолук жана ийгилик, ал эми боордош Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.