21

Март

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусунда аймактарда жазгы күн менен түндүн теңелүүсүн майрамдоо (фоторепортаж)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары республиканын аймактарында Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларга катышты.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан Чүй облусунда жүрөт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош шаарындагы «Мээрим» сейил багында майрамга карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага жана улуттук оюндарга катышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Жалал-Абад облусунда болуп, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан облустун тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктады.