26

Март

2022

Арзыбек Кожошев жана Бахыт Султанов өз ара жүк ташуу маселесин талкуулады

2022-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен видеоконференция режиминде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2022-жылдын 16-февралында Алматы шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-кеңешмесинин Протоколунун аткарылышы, анын ичинде өз ара жүк ташуу, жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасына, Россия Федерациясына өтүүсү жана артка кайтуусу маселелери талкууланды. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар бир катар макулдашууларга жетишти, анын ичинде кыргыз-казак чек арасында, Казакстан Республикасынын аймагында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышына жол бербөө, эсепке алынбаган товарларды ташып келүү жана чыгаруунун алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү, ошондой эле электрондук эсеп-фактуралар жок болгон учурда, бул транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына кайтарылууга тийиш экендиги боюнча макулдашуулар орун алды.

Өз ара жүк ташуу чөйрөсүндө пайда болгон көйгөйлөргө мониторинг жүргүзүү жана аны тез арада чечүү максатында мындай сүйлөшүүлөрдү ай сайын өткөрүү чечими кабыл алынды.