19

Ноябрь

2021

Нарын облусунун "Теңир Тоо" өнүктүрүү фонду ишке кирип, алгачкы каражат келип түштү

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 18-июнунда Нарын облусуна болгон иш сапарында Нарын облусун өнүктүрүү фондуна мындан ары жыл сайын болжолдуу 500 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты которулуп тураары айтылган. 

Президенттин бул демилгени ишке ашыруу тапшырмасынын негизинде КР Министрлер кабинетинин “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” №220 токтому чыккан. Токтомго ылайык, “Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонду” кайрадан каттоодон өтүп, фонддун Жобосу жана 9 адамдан турган Байкоочу кеңешинин курамы бекитилди. Ошондой эле фонддун дирекциясы түзүлүп, аткаруучу директору  дайындалды. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин №237 тескемеси менен Нарын облусун өнүктүрүү фондуна 12 миллион сом которулду.  
Бүгүн, 19-ноябрда Нарын обусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин биринчи отуруму өткөрүлүп, фонддун дирекциясынын штаттык түзүмү жана чыгымдар сметасы бекитилди. 

Байкоочу кеңештин биринчи отурумуна катышкан КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев бул чоң ишти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Президентине терең ыраазычылык билдирди. 

Фонддун Жобосуна ылайык, түшкөн каражаттын 20 пайызы социалдык долбоорлорго, 50 пайызы киреше алып келе турган экономикалык долбоорлорго, 30 пайызы жеңилдетилген насыяларга жумшалмакчы. 

Жакын арада долбоорлорго жана коммерциялык банктарга сынак жарыяланаарын маалымдайбыз. 


КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.