28

Март

2022

Акылбек Жапаров жалпы республикалык эл каттоого катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кечээ 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы каттоочунун суроолоруна жооп берип, ал атайы мобилдик тиркеме аркылуу толтурулду. 

Акылбек Жапаров жарандарды эл каттоого активдүү катышууга чакырып, бул кампаниянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Белгилесек, калкты жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартында башталып, 3-апрелге чейин созулат. Республиканын алыскы райондорунда каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өтөт.

Кампания мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта алгач ирет өтүүдө, каттоочулар ишинде планшеттерди, же мобилдик телефондорду пайдаланууда.