31

Март

2022

Султан Раев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчылыгына шайланды

img

Бурса шаарында (Түркия Республикасы) өткөн Түрк мамлекеттеринин маданият министрлеринин  Туруктуу кеңешинин жыйынында Султан Раев бир добуштан түрк дүйнөсүндөгү эң кадыр-барктуу уюм, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы болуп шайланды. 

Анкара шаарында штаб-квартирасы жайгашкан ТЮРКСОЙ Эл аралык уюму («түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу катары таанылган») 1993-жылы негизделген.

Бул уюмга Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Түркия Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Түркмөнстан Республикасы мүчө болуп саналат.

Ал  эми Венгрия Республикасы, Молдова Республикасы, ошондой эле Россия Федерациясынын бир катар субъекттери (Татарстан Республикасы, Алтай Республикасы, Саха Республикасы, Башкортостан Республикасы жана Хакасия Республикасы) байкоочу макамына ээ. 

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун негизги максаты түрк дүйнөсүнүн маданий карым-катнашын өркүндөтүү, өнүктүрүү ошондой эле аны дүйнөгө таанытуу, маданий интеграциялык процессти жандандыруу. 

Белгилей кетсек, эл аралык белгилүү уюмду тарыхта биринчи жолу кыргыздын белгилүү маданият жана коомдук ишмери Султан Раев жетектейт.

Бул эл аралык уюмду буга дейре Азербайжан Республикасынын белгилүү искусство ишмери, атактуу ырчы Полад Бюль-Бюль оглы, Казакстан Республикасынын маданий жана коомдук ишмери Дюсен Касеинов жетектеп келген. 

Кыргызстандын белгилүү маданий ишмери, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, чет элдик жана эл аралык кадыр-барктуу сыйлыктын ээси Султан Раевдин аталган эл аралык уюмдун башкы катчысы каиары шайланышы маданий жана эл аралык мамилелер жаатындагы Кыргызстандын чоң  жеңиши катары бааланат.