01
Апрель
КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын протоколуна кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.
Кол коюлган документке ылайык, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүн 2 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүү боюнча ишти улантууну макулдашты.
Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына цемент, көмүр, кварц кумун, картошка, сүт жана сүт азыктарын жеткирүүнүн көлөмүн жогорулатууну сунуштады.
Мурда жетишилген макулдашууларды илгерилетүү үчүн өзүнө пахта тазалоочу заводду, жип ийрүү фабрикасын, текстиль фабрикасын жана машина-трактор паркын камтыган пахта-текстильдик кластердик комплексти түзүү долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы өсүмдүк майын өндүрүүчү заводду Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун долбоорду каржылоо мүмкүндүгүн эске алуу менен негиздөө сунушталды.
Кеңешменин катышуучулары уставдык капиталы 200 млн АКШ долларын түзгөн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүлүшүнө жана практикалык ишмердүүлүгүнүн башталышына оң баасын беришти.
Тараптар ошондой эле машина куруу өнөр жайын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында жеңил автоунааларды, айыл чарба жана чиркегич техникаларды жыйноо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу маселени карап чыгууну макулдашты.
Кеңеш Жалал-Абад жана Наманган облустарынын администрацияларына асыл тукум бодо малды жана майда мал жандыктарын өстүрүүчү биргелешкен фермердик чарбаларды түзүү, аны кластердик механизмдерди пайдалануу менен ишке ашырууну тездетүү тапшырмасын берди.
Мындан тышкары, маданий-гуманитардык, транспорттук жана чек ара тармактарында келишимдер түзүлдү.