01

Апрель

2022

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Бабур атындагы театрды реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан  Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Белгилесек, Ош шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштерди Өзбекстан Республикасы тарабынан ишке ашыруу боюнча Макулдашууга кол коюлду. 

Аны реконструкциялоо иштери 2021-жылдын сентябрь айында башталып, ишти үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бүткөрүү пландалууда. Аткарылган иштердин сметалык наркы 5 млн АКШ долларын түзөт. Театр 500 орунга ылайыкташкан.