07

Апрель

2022

БУУ Башкы катчысынын орун басары Кыргызстанды Кумтөр боюнча келишим менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарына (Швейцария Конфедерациясы) жумушчу сапарынын алкагында БУУ Башкы катчысынын орун басары Амина Мохамед менен видеобайланыш форматында жолугушту.

Сүйлөшүү учурунда БУУ Башкы катчысынын орун басары кыргыз элин канадалык «Centerra Gold Inc.» тоо-кен өндүрүү компаниясы менен тынчтык келишиминин түзүлүшү менен куттуктады.

"Келишимдин түзүлүшүнө байланыштуу куттуктоомду кабыл алыңыз. Бул чоң ийгилик! Бул кадам Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү тездетүүгө жардам берет”, - деп билдирди Амина Мохамед. 

Өз кезегинде Эдил Байсалов маектешине Министрлер Кабинети тарабынан ишке ашырылып жаткан улуттук өнүктүрүү программалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын негизги тышкы саясий демилгелери, атап айтканда, Президент Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы тууралуу айтып берди.

Тараптар ошондой эле БУУнун күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча пикир алмашып, биргелешкен кызматташуунун кийинки кадамдарын белгилешти.