08
Апрель
Министрлер Кабинети «EcoEner» испан энергетикалык компаниясы менен күн электр станциясын жана ГЭС куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол койду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча тапшырмасын аткаруу алкагында Ысык-Көл облусунда 260 МВт күн электр станциясын жана ГЭСти куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү.
Документке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана «EcoEner» испан энергетикалык компаниясы кол койгон.
Меморандумга кол коюу аземи «Кыргыз Республикасынын энергетика секторун трансформациялоо» форумунун алкагында өттү.
Маалымдама: «EcoEner» энергетикалык компаниясы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында гана иштейт.
Компания Испания Королдугу, Сербия Республикасы, Гондурас Республикасы, Гватемала Республикасы, Доминикан Республикасы, Панама Республикасы, Колумбия Республикасы, Эквадор Республикасы, Кения Республикасы, Грузия сыяктуу өлкөлөрдө ийгиликтүү иш алып барууда.
Уюм жалпы кубаттуулугу 355 МВт жана иштелип жаткан 1522 МВт кубаттуулуктагы станцияларга ээ. Компания электр энергиясын өндүрүүдө алдыңкы дүйнөлүк технологияларды жана заманбап жабдууларды пайдаланат.