11
Апрель
2022
Дүйшөмбүдө эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү
Жетишилген макулдашууларга ылайык, 2022-жылдын 5-10-апрелинде Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.
Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү