13

Апрель

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Москвада жумушчу сапары менен жүрөт

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москвада (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен жүрөт. 

Сапардын жүрүшүндө Арзыбек Кожошев эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрүп, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-пленардык жыйынына катышат, ошондой эле ЕЭК Кеңешинин Төрагасы катары Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт.