16

Апрель

2022

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасы чек арада токтоп турган жүк ташуучу унаалар маселесин талкуулады

img

 15-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасына жана Россия Федерациясына багыт алган жүк ташуучу унаалардын токтоп тургандыгы боюнча маселени талкуулады. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айынын соңунда видеоконференцбайланыштын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар толук көлөмдө ишке ашырылбай жатат. 

«Биз коштоочу документтери туура эмес, же документи такыр жок болсо, казак тарап мындай унааларды артка кайтарып берет деп макулдашканбыз. Иш жүзүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги күн өткөн сайын көбөйүүдө», - деди Арзыбек Кожошев. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кошумчалагандай, келишимдер бир жактуу аткарылбай жаткан болсо, биздин эки тараптуу мамилелерибизге кесепети тиет.

Маселени тыкыр талкуулоодон соң, 19-апрелде казак тарап менен эки өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы  токтоп турган жүк ташуучу унаа каражаттарынын маселесин чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алуу үчүн видеоконференцбайланыш режиминде кеңешме өткөрүү чечими кабыл алынды.