23

Апрель

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Тышкы иштер министрлигинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тышкы иштер ведомствосунун жамаатына Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин м.а. Жээнбек Кулубаевди тааныштырды. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жаңы министрдин дипломатиялык кызматтагы практикалык иш тажрыйбасы жана жогорку кесипкөйлүгу тууралуу жылуу пикирин билдирип,  Жээнбек Кулубаевдин жогорку квалификациясы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлгөн мамлекеттин тышкы саясий багытын тутумдуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди. 

Өз кезегинде тышкы иштер министринин м.а. Жээнбек Кулубаев республиканын жогорку жетекчилигине көрсөтүлгөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин жамааты менен биргеликте ага жүктөлгөн ишенимди актоого бардык күч-аракетин жумшаарын билдирди.