27
Апрель
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин жаңы редакциядагы долбоору талкуудан өтүүдө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин жаңы редакциядагы долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иши уланууда.
Белгилесек, бул ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2022-жылдын 3-февралындагы №16 буйругуна ылайык, жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана аткаруу бийлигин кайра уюштурууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин оптималдаштыруу максатында түзүлгөн.
Тараптардын пикирлерин жана позицияларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жаңы редакциядагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин толук кандуу долбоорун иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери жана эксперттер тартылган.
Учурда жумушчу топ мамлекеттик жарандык кызмат орундарын камтыган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча иштерди жыйынтыктады.
Ошондой эле жумушчу топ аскердик жана укук коргоо органдарындагы мамлекеттик кызмат орундарын камтыган Мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин талкуулоону улантарын белгилейбиз. Бул талкуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бир нече күнгө уланат.