28
Апрель
2023-2027-жылдарга Регионалдык саясат концепциясынын долбоорунун негизги максаттарынын жана милдеттеринин бетачары болду

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалган «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Регионалдык саясатынын Концепциясынын долбоорунун негизги максаттары жана милдеттери» темасындагы бетачар өттү.
2023-2027-жылдарга Регионалдык саясат концепциясынын негизги максаты – республика аймактарынын шаарларында жана айыл аймактарында жашаган жарандардын жашоо сапатын жана бакубаттуулугун жогорулатуу. 2023-2027-жылдарга Регионалдык саясат концепциясынын артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат: - аймактарды пландаштыруунун жана өнүктүрүүнүн жаңы системасы; - региондордун экономикасы; - өнүгүүнүн таяныч пункттарын комплекстүү өнүктүрүү (урбанизация); - региондорду директивалык колдоо.
Бетачардын жыйынтыгы боюнча анын катышуучулары аймактарды өнүктүрүүнүн концептуалдык мазмунун жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштарды беришти.
Айтылган сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Регионалдык саясатынын Концепциясын толуктап иштеп чыгуу боюнча иштер улантылат.